Казакстан көк бөрү боюнча курамасы эртең оюн талаасына чыгат
Поделиться в:
Казакстан көк бөрү боюнча курамасы эртең оюн талаасына чыгат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Белгилеп кетсек, буга чейин Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы оюн таласына чыгуудан баш тартышкан. Алар мунун себебин оюндун эрежелерине макул эместиги менен түшүндүрүшкөн. Бирок, команда жетекчилиги эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы эртең беттештерге катыша турганын билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-kk-br-boyuncha-kuramasy-erte-oyun-talaasyna-chygat
Добавить комментарий ×