Каза болгон атайын аскер Үсөнбек Ниязбеков «Эрдик» медалы менен сыйланды

28 августа 2019 15:57 994 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

28-августта Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбеков Үсөнбек Ниязбекович «Эрдик» медалы менен сыйланды (курман болгондон кийин). Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, ал 7-август күнү Кош-Ташта болгон окуяда ок тийип каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgon-atajyn-asker-snbek-niyazbekov-erdik-medaly-menen-syjlandy



Добавить комментарий