Жамансариев: Атамбаев УКМК аскерин мен аттым деп адатынча "балп" этти окшойт...

9 августа 2019 16:06 2689 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Осунбек Жамансариев Кой-Таштагы атайын операция учурунда каза болгон УКМКнын атайын аскерин мурдагы президент Атамбаев “мен аттым” деп айтканы боюнча пикир билдирди.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Ок атуучу курал менде эле бар болчу, 5 же 6 жолу ок чыгардым. рикашет менен тийип калса калса, керек", деп айтты А.Атамбаев, мындайча айтканда, версия катары...
Ошон эле учурда, ооруканада жатып интервью берген УКМКнын кызматкери "кухня жакта болучу", деп каза болгон УКМК кызматкери жөнүндө айткан...
Демек, А.Атамбаев киши өлтүрдү, деп түз айтуу болбойт...
Башка өлкөлөрдүн серепчилери да, "Кыргызстандын экс-президенти киши өлтүрдү", дегендей жазганда, өз өлкөңдөгү маалыматтар үчүн уялат экенсин....
Оюмча, А.Атамбаев жанындагыларды коргоо максатында, же болбосо баарыбызга белгилүү "балп" деп салса керек”,
- деп божомолдойт Осунбек Жамансариев.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү операция учурунда УКМКнын атайын бөлүгүнүн офицери Үсөнбек Ниязбеков октон каза болгон. Ал жерде Атамбаевди суракка алып кетүү аракети ишке ашпай калган.

Ошол эле күнү кечинде коомчулукка жасаган видеодо Атамбаев УКМК аскерине тийген окту мен аткам деп айткан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ozhamansariev-atambaev-ukmk-askerin-men-attym-dep-adatyncha-balp-etti-okshojt



Добавить комментарий