Токаев көчмөндөр оюундарын Казакстанда жогорку деңгээлде өткөрүүнү тапшырды

2 февраля 2023 15:46 1601 Barometr
Поделиться в:
ok

 Казакстанда өтө турган  V Дүйнөлүк көчмөндөр оюундарына даярдыктар башталды. Бул тууралуу Казак президенти Касым-Жоомарт Токаевдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Касым-Жомарт Токаев Спорттун улуттук түрлөрү боюнча ассоциациянын президенти Исламбек Салжановду кабыл алганда Дүйнөлүк көчмөндөр оюундарын Казакстанда өткөрүү тапшырмасын берген. 

“2022-жылдын сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы Казакстандын 2024-жылы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча арызын бир добуштан колдогон. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.    

Ал белгилегендей, бул масштабдуу иш-чаранын жүрүшүндө чакан жана орто бизнестин, анын ичинде туризм, элдик кол өнөрчүлүк, тейлөө чөйрөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттар түзүлүшү керек. Мамлекет башчысы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, ат оюндарын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды”,-деп жазылат маалыматта.    
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kasym-zhoomart-tokaev-djnlk-kchmndr-oyuundaryn-kazakstanda-zhogorku-degeelde-tkrn-tapshyrdy



Добавить комментарий