Карышкырдай эт жеген казактардын видеосу интертте кызыгуу жаратты (видео)

19 октября 2020 10:21 1559 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандык кишилердин бир табак этти бир отуруп жеп коюу боюнча таймашы интернетке желдей тарады. Бул тууралуу интернеттен алынган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Видео тасмадан катар отуган кишилердин алдында табакка салынган эт жана куйрук майлар турганын көрүүгө болот.

Аларга берилген убакыттын ичинде алдында турган эттин баарын түгөтүп коюу шарты коюлган.

Тасманын жүрүшүндө айрымдары кыйынчылык менен өздөрүн кыйнап жеп жатышса, кээ бири эч ойлонбостон, оңой эле, этти жана куйруктарды жеп салганын көрүүгө болот.

Таймашка катышкандарды сүрөп тургандар “карышкырлар биз силерге ишенебиз” деп кыйкырып, колдоп жатканын көрүүгө болот.

Эл арасында тамаша иретинде, кыргыздар менен казактарды “эт жеген жагынан карышкырдан кем калбайт” деген салыштыруулар айтылып келет.


Ссылка: https://barometr.kg/karyshkyrdaj-et-zhegen-kazaktardyn-videosu-intertte-zheldej-tarady-video



Добавить комментарий