Карамушкина үй камагына алынды

23 августа 2019 10:17 4148 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин  депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагына чыгарды.

Мурдараак Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Башкы көзөмөл органы билдиргендей, Карамушкинага кылмышка шектүү катары маалымдама берилди.

Депутат 7-вагуст күнү Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндөгү башаламандыкта “Алфанын” жоокерлерин барымтага алды деген айып коюлууда.

Карамушкина өзү сот болор алдында атайын кызматтын өкүлдөрүн 20 сааттан ашуун убакыт кармап туруунун себебин «сыртка чыгарганда аларды токмоктоп салышы ыктымал эле» деп түшүндүрдү.

Ссылка: https://barometr.kg/karamushkina-j-kamagyna-alyndy



Добавить комментарий