Караколдук милиция кызматкерлери жоголуп кеткен үч кызды табышты

24 апреля 2019 11:10 2359 Barometr
Поделиться в:
ok

Караколдук милиция кызматкерлери жоголуп кеткен үч кызды табышты. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматынан кабарлашты.

23-апрелге караган түнү ИИБдин жеке курамы балдар жоголгондугу тууралуу чакырыктан чогулушкан.

“Ата-энелер кыздардын жоголгондугу тууралуу саат 21.00дө билдиришти. Кыздар эртең менен мектепке кетип үйгө келбей калышкан. Адегенде ата-энеси өздөрү табууга аракет кылып бирок майнап чыккан эмес”,-деп кабарлашты ИИБден.

Башкармалыктын кызматкерлери токойду, чарбалык курулуштарды карап чыгышкан. Соңунда кыздарды шаардык парктан табышты. Ата-энеге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/karakolduk-miliciya-kyzmatkerleri-zhogolup-ketken-ch-kyzdy-tabyshty



Добавить комментарий