Кара-Сууда изделип жаткан эки жашар наристенин сөөгү каналдан табылды

17 апреля 2023 09:56 1028 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Сууда буга чейин изделип жаткан наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМга шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кырсык Кара-Суу районунун Падаван айылында болгон. 

“Ош облусунун  Кара-Суу районуна караштуу алдын ала маалымат боюнча Падаван айылынын Кош-Таш 2 тилкесинде "Увам" каналынан изделип жаткан 2 жаштагы наристенин сөөгү саат 21: 30да туугандары тарабынан табылды.

Маалыматка ылайык аталган жаран 2021-жылы туулган  Б.Х. аттуу кичинекей кыз.

Бүгүн жерине издөө ишин жүргүзүү үчүн, саат 16:30да ӨКМдин Ош шаардык Куткаруу кызматынан жана  Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан жалпы 23 куткаруучу тартылган болчу”, -деп айтылат маалыматта. 


КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-izdelip-zhatkan-eki-zhashar-naristenin-sg-kanaldan-tabyldy



Добавить комментарий