Кара-Суу районунда сумкасына граната салып жүргөн киши кармалды

7 октября 2021 10:57 1790 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Суу районунда курал салынган сумка көтөрүп жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет. 

Аталган кабарга таянсак, 30-сентябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 43 жаштагы З.Ону кармашкан. Аны текшерген маалда сумкасынын 4 даана курал, ошондой эле граната табылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunda-sumkasyna-granata-salyp-zhrgn-kishi-karmaldy



Добавить комментарий