Кара-Суу районунда эки жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип каза тапты
Поделиться в:
Ош областынын Кара-Суу районундагы Кең-Сай айлында эки жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Кырсык Абжапар-Ата көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде болгон, 2019-жылы туулган кыз дааратканага түшүп кеткен.
Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу барган, бирок кыздын денесин алар барганга чейин эле жакындары алып чыгышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunda-eki-zhashtagy-kyz-daaratkanaga-tshp-ketip-kaza-tapty
Добавить комментарий ×