Кара-Кулжанын Сары булак айылына сел каптап, 200 адам эвакуацияланды
Кара-Кулжада катуу жааган жамгырдан кийин айылдарды сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Бүгүн, 11-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда түнкү саат 03:00 чамасында атуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулуп түшкөн сел суу ташкындары Мырзаке-Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун 57-60-чакырымдарында сел агындылары түшкөн, автожүктөгүч тазалоо жумуштарын жүргүзүп, саат 13:30га жол каттамы ачылды.
Ошондой эле саат 05:00-05:20лар чамасында Кара-Кулжа районунун аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак, Кара-Кочкор, Ак-Кыя айылдарында оо бетинен, кокту-колоттордон чогулуп түшкөн сел суу ташкындары турак жайларды каптоодо, Мырзаке-Кара-Кулжа–Алайку мамлекеттик маанидеги унаа жолунун 10-17-20-чакырымында сел агындылары түшүп жол жабылган, тазалоо жумуштары жүргүзүлүп жол каттамы ачылды..
Ал эми Кара-Кулжа-Ак-Кыя жол каттамынын 1-3-чакырымдарында селдин кесепеинен шагыл аралаш куюлмалар түшүп жол жабылды.
Сары-Булак айылынын Таштак чегинен райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын күчү менен 50 кожолук 200дөн ашуун жаран Кара-Кочкор айылындагы Ш.Исмаилов атындагы орто мектебине жана туугандарына эвакуацияланган. Жабыркагандар жок",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzhanyn-sary-bulak-ajylyna-sel-kaptap-200-adam-evakuaciyalandy
Добавить комментарий ×