Арасында жапжаш кыздар бар. Кара-Колдо сойкулук менен алектенгендер кармалды

23 декабря 2022 10:49 993 Barometr
Поделиться в:
ok

Каракол шаарында сойкулук менен алектенүү учун көмүскө жайды уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу Кара-Көл ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу жана кармоо боюнча шектүүнү кармашкан. 

“Үстүбүздөгү жылдын июль айында кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлерине Каракол шаарынын аймагында белгисиз аял сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздардын ыплас аракеттерине көмөктөшүп жаткандыгы туралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 160 (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Ал облустук борбордун тургуну, 55 жаштагы Б. Н. болуп чыкты.

Жакында милиция кызматкерлери тарабынан интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча көмүскө жай уюштурулган Каракол шаарындагы сауналардын биринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда шектүү аялдан жана интимдик кызмат көрсөткөн беш кыздан  жалпы суммасы 4600 сом болгон алдын ала белгиленген акча каражаттары алынган. Мындан тышкары, далил катары сексуалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар алынган.

Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүгө аялга карата айыбы угузулуп, сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-koldo-sojkuluk-menen-alekten-chn-kmsk-zhaj-uyushturgan-ayal-karmaldy



Добавить комментарий