Кара-Кече көмүр кенине барчу убактылуу жолдун 10 күндө бүтөрү маалым болду
Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинин таш түшкөн жолун калыбына келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, он күн ичинде убактылуу жол курула турганы кабарланды. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 26-августта берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.
Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына Транспорт жана жолдор министрлигинин, Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, «Кыргызкөмүр» ишканасынын, Жумгал районунун жетекчилери кирип, жеринде иштеп жатышат.
Жолго түшкөн ташты тазалоо, электр зымдарын оңдоо, жүк ташууну калыбына келтирүү боюнча иш планы түзүлдү. Ага ылайык, он күн ичинде убактылуу жол курулат деген план бар.
17-августта Кара-Кече көмүр кенине барган жолго таш жана электр устундары кулап, тосулуп калгандыгына байланыштуу көмүр ташуу токтоп турат.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-keche-kmr-kenine-barchu-ubaktyluu-zholdun-knd-btr-maalym-boldu
Добавить комментарий ×