Таластын Кара-Буура районуна 12 пост коюлду
Талас облусунун Кара-Буура районунда өзгөчө абал киргендеп баштап, коронавирус илдетин аймакка жайылып кетишин алдын алуу максатында милиция менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу максатында 1 санитардык-карантиндик пост Бакыян айылына орнотулган. Аталган постто милиция кызматкерлери, медицина, ӨКМдин кызматкерлери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.
Андан тышкары илдетти алдын алуу максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте кошумча жалпы 12 пост коюлган. Нөөмөттө туруу жергиликтүү жашоочулар, аксакалдар сотторунун мүчөлөрү менен биргеликте ишке ашырылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-buurada-zhalpy-12-post-koyulgan
Добавить комментарий ×