Кара-Балта суусуна агып кеткен 26 жаштагы жаран табыла элек

17 июля 2018 20:50 1366 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

10-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табыла элек. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Издөө иштерине Жайыл райондук  өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Панфилов райондук  бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө уланууда. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-balta-suusuna-agyp-ketken-26-zhashtagy-zharan-tabyla-elek



Добавить комментарий