Каныбек Иманалиев: Элмирбектин төрт талантынын үчөө ачылбай кетти

22 апреля 2020 18:40 7561 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Чыгаан акынды бир катар замандаштары эскерип, анын басып өткөн жолуна абай салып эскеришти. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Эл өкүлү төкмө акынды жамырай журт жакшы тааный электе эле таанышканын айтып, аларды мындайча эскерди.

"Барометр" маалымат агенттиги Каныбек Иманалиевдин төкмө акын Элмирбек жерге берилгенден кийин журналисттерге берген эскерүүсүнүн текстин сунуштайт.

“Мен Элмирбекти эл тааный элек кезинде билчүмүн. Ал студент экен, мен “Асаба” гезитинде иштечүмүн. Орустун белгилүү философу Бердияев тууралуу бир статья алып келиптир. Ал учурда азыркыдай интернет жок. Бердияв тууралуу орустун бир эки журналына гана чыккан. Ошондо мен таң калгам. Иманалиев деген фамилиясы эсимде калыптыр. Анан кийин төкмө акын болгондо таанып, биринчи жолу депутаттыкка койгондо Элмирбек колдоп ырдады. Тамашалап экөөбүздүн фамилиябызда Иман деген сөз бар деп калчу.

Эл Элмирбекти төкмө акын катары гана эстеп калды. Элмирбек эбегейсиз манасчы болчу. Саякбайдын Тайторуну чапканын айтканын жакын жерден уккан, көргөн киши көзүнөн жаш акмайынча тура алмак эмес.

Айрыкча Саябайдын бүркүт болуп шаңшыганын, бала болуп ыйлаганын, жылкы болуп кишенегенин, жамгыр болуп төгүлгөнүн, бурганак болуп буюктанганын, эне болуп какшаганын бир айтса Саякбай, бир айтса Элмирбек айтчу. Ушуну элге калтырбай кетти.

Экинчиси, акыркы 30-40 жылдагы муун Алыкул Үсөнбаевди, Жеңижокту, Карамолдону, Атайды, Исмайылды көрбөй калдык да. Мына ошолордун сөздөрүн, жоруктарын, айрыкча Кулуке төкмө акын жөнүндө адабиятта жок, кагазда жок. Ал Элмирбектин гана оозунда калды. Кулукени туурап башын калчылдатып ырдап бергенин көргөндө ал өзүнчө спектакль болчу. Тууганбай, Эстебес аксакалдар өткөндөн кийин улуу адамдардын насаат кылык-жоруктарын, сөздөрүн айтып жүргөн бирден бир ушул Элмирбек болчу. Эс тутуму абдан күчтүү эле.

Дагы бир таланты ачылбай кетти – бул мыкты кино актер болмок. Болгону Токтогул драмасында Токтогулдун ролун аткарып калды. Бирок Элмирбектин таланты андан дагы бийик, Муратбек Рыскулов, Ашыралы Боталиевдер сыяктуу улуу ролдорду жаратканга жетишмек. Төрт талантынын үчөө ачылбай кетти. Эң арманы ошол, аны жалпы эл билбей калды, жанында жүргөндөр гана билчү эле.

Мен улуу болсом да анын жанында азыраак сүйлөп, аны көбүрөөк угат элем. Анын жанында майда сөз сүйлөгөнгө болбойт эле. Ал адамды улуулукка көтөрүп турар эле.

Элмирбек бүгүнтөн тарта тирүүлөрдүн айылынан арбактардын айылына кетти. Муса Баетовдун жанына жатты. Ары жагында Эстебес менен Тууганбай ата жатат. Улуулардын айылына, Саякбай менен Карамолдонун айылына, Жеңижок менен Атайдын айылына кетти. Ошол жактагы түбөлүк уйкусу тынч болсун.

Кыргыз эли эч убакты мыкты инсандарды унуткан эмес. Алыкул Осмоновдун ырларын сүйгөндөй, Сүймөнкулдун ролдорун сүйгөндөй, биз эми аттиң деп, бирок Элмирбектин ырын сүйүп жашап жүрө беребиз”, — деди Каныбек Иманалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kanybek-imanaliev-elmirbektin-trt-talantynyn-ch-achylbaj-ketti



Добавить комментарий