Канатбек Маматов Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти болуп шайланды

9 февраля 2019 13:27 2976 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кезексиз жыйыны өттү.Бул тууралуу жыйындын делегаты, Оштун «Алай» клубунун ЖМК менен иштөө боюнча менеджери Кубанычбек Ураимов barometr.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында шайлоо федерациянын уставынын негизинде өтүп, делегаттар Канатбек Маматовдун талапкерлигин колдоп беришти.

"Күн тартибиндеги маселеге ылайык футбол федерацияны буга чейин жетектеп келген башчысы Семетей Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арызы канааттандырылды.

Кезексиз жыйындын күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча конференциянын делегаттары бул кызмат орунга жалгыз талапкер болгон Канатбек Маматовду бир добуштан шайлашты", - деп билдирди.

КР футбол федерациясынын президенттигине алты талапкер ат салыша тургандыгы кечээ, 8 февралда айтылган. 

Алар: 

  • коомдук ишмер, "Дордой" футбол клубунун президенти, федерациянын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков,
  •  Бишкек шаардык футбол бирикмесинин жетекчиси, "Алга" командасынын ардагери Алмаз Чокморов, 
  • федерациянын башкы катчысы Медер Сыдыков, 
  • аталган уюмдун вице-президенттери Дастан Конокбаев
  • Канат Маматов, 
  • ФИФА калысы, Ош шаардык балдар футбол мектебинин жетекчиси Бахадыр Кочкаров.

Бирок бугун аталган талапкерлердин арасынан Канат Маматовдун гана талапкерлили каралды. Башка талапкерлер ат салышууга катышкан жок.

Эрежеге ылайык КРнын футбол федерациясынын президенти 4 жылдык мөөнөткө шайланат.

Канатбек Маматов буга чейин Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап келген.

Ал футбол боюнча Кыргызстандын жогорку Лигасындагы командаларда, Индияда ойноп келген кесипкөй футболчу, Кыргызстандын футзал Ассоциациясынын директору, Кыргызстанда АМТ футзал федерациясынын уюштуруучусу катары белгилүү.

Эреже боюнча ФИФА тандалган талапкер бектилет.

Ссылка: https://barometr.kg/kanatbek-mamatov-lknn-futbol-federaciyasynyn-prezidenti-bolup-shajlandy



Добавить комментарий