Канат Сагымбаевдин жакындары менен Токон Мамытов жолукту
Акыйкатчы Токон Мамытов Канат Сагымбаевдин атасы, жубайы жана иниси менен жолугушту. Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
«Жолугушуунун жүрүшүндө Канат Сагымбаевдин жубайы жашы жете элек 4 баланын апасы экенин жана ден- соолугуна байланыштуу иштей албай турганын айтты. Ошондой эле ал тиешелүү ишеним кат жок болгондуктан жолдошунун эмгек акысын ала албай жатканын билдирди». Акыйкатчы бул маселе боюнча иш алып барып жататканы маалымдалат.
Эске салсак, УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча 24-сентябрда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-декабрга чейин камакка алынган. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене боюнча айып коюлуп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kanat-sagymbaevdin-zhakyndary-menen-tokon-mamytov-zholuktu
Добавить комментарий ×