Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматынан бошотулду

27 сентября 2022 12:26 762 Barometr
Поделиться в:
ok

Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилүү болгондой тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Пекин шаарындагы резиндециясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/kanajym-baktygulova-kyrgyzstandyn-kytajdagy-elchisi-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий