Канаданын 190 миң тургуну мамлекеттен алган жөлөк пулун кайтарып берет

12 июня 2020 16:35 1298 Barometr
Поделиться в:
ok

Канаданын 190 миң жашоочусу алган жөлөк пулун кайтарып берүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Салык кызматы билдирди.

Март айында Канаданын өкмөтү пандемия учурунда жумушсуз калгандарга карата жөлөк пул берүү программасын кабыл алган. Анда ай сайын (4 айга чейин) 1,5 миң доллар өлчөмүндө жөлөк пул алууга мүмкүн болгон.

Бирок, мамлекеттин эсебинен акча каражатын алдамчылык жолу менен алгандар катталган. Аталган жарандар алган акчасын кайтарып берүүгө милдеттендирилди.

Мамлекет тарабынан жөлөк пул алууга 8,4 миллион адам кайрылган, эксперттердин айтымында, алардын 1-2% алдамчылык жолу менен каражатка ээ болушкан.

Белгилей кетсек, Канадада коронавирусту жугузган 97 530 учур катталган, анын 57 658 айыгып чыгып, 7 994ү кайтыш болду.

Ссылка: https://barometr.kg/kanadanyn-190-mi-turgunu-mamleketten-algan-zhlk-pulun-kajtaryp-beret



Добавить комментарий