Камчыбек Ташиев Баткенде конок болбой эле, эл менен чогуу жүрөт

15 марта 2019 12:19 5134 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, Баткенге жөнөп кеткен саясатчы Камчыбек Ташиев эл менен чогуу жүрөт. Бул тууралуу  фейсбуктун  өзүн Хороший Босс деп атап алган колдонуучусу маалымдап, саясатчынын эл менен бирге түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Буга чейин айрым ЖМКларда Ташиевдин Баткенге барып конок болуп жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланган эле.

“Камчыбек Ташиев чек арада эле турат эл менен чогуу. Өмүрүңдө чай ичпегендей сүйлөйсүң да”,-деп жазды  аккаунт колдонуучу өз баракчасына.

Эскерте кетсек кечээ, 14-мартта Камчыбек Ташиев   Баткен областына жөнөп жатканын фейсбуктагы баракчасына маалымдаган.

“Урматтуу Кыргыз элим! Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын! Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн "пиар" деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин, мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер,Эл бизге керек, менин, сенин урпактарына керек! Ата Бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!”,-деп жазган Камчыбек Ташиев өзүнүн баракчасына.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-batkende-konok-bolboj-ele-el-menen-choguu-zhrt



Добавить комментарий