Камчы Көлбаев Чүйдүн Жайыл райондук милициясына суракка келди

11 сентября 2019 18:37 1447 Barometr
Поделиться в:
ok

“Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев суракка чакырылды. Чүй облустук милициясынан билдиргендей Көлбаев күбө катары чакырылган.  

Маалыматка ылайык Жайыл райондук ички иштер органында учурда “алдамчылык” беренси боюнча кылмыш иште сотко чейинки өндүрүш жүрүгүзүлүп жатат.

Бул иштин бардык жагдайларын аныктоо максатында бүгүн, 11-сентябрда милициянын Жайыл райондук бөлүмүнө 45 жаштагы К.А. (Камчыбек Асанбек) күбө катары чакырылган.

Бардык тергөө иштери жүргүзүлүп бүткөндөн соң, аты аталган жаран бошотулган”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

 Учурда сотко чейинки өндүрүш улантылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchy-klbaev-chjdn-zhajyl-rajonduk-miliciyasyna-surakka-keldi



Добавить комментарий