Дональд Лу: АКШ кримтөбөл Камчы Көлбаевдин эркиндикке чыгышына тынчсызданууда
АКШ кримтөбөл Камчы Көлбаевдин эркиндикке чыгышына тынчсызданууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, Америка Кошмо Штаттары баңги заттарын сатуу, курал-жарак сатуу жана башка кылмыш иш-аракеттери менен алектенген кылмыштуу тармагы бар, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Камчыбек Көлбаевдин бошотулгандыгына байланыштуу терең тынчсызданып жатканы айтылат.
“Камчыбек Көлбаевдин баңги заттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Россияда жана Европада балдарды ууландырып жатат. Ушул себептен АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын жок кылууга көмөк көрсөткөн маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган”, – деп билдирди АКШнын элчиси Дональд Лу.
Ошондой эле, ал Вашингтон Көлбаевдин кылмыштуу тармагын жок кылууга жардам бергендер үчүн сунуш кылынган сыйлыкты көбөйтүүнү ниет кылып жатканын билдирди.
Эске сала кетсек, Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган.
24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Ноябрь айынын аягында Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулуп, ошондон бери аталган абакта кармалып келген эле.
Кече, 2-мартта Көлбаев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/donald-lu-aksh-krimtbl-kamchy-klbaevdin-erkindikke-chygyshyna-tynchsyzdanuuda
Добавить комментарий ×