Камбарата-2 ГЭСинин гидроагрегатын ишке берүүнүн жолдору талкууланды

19 мая 2020 12:09 637 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Камбарата-2 ГЭСинин гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга №1 кошумча макулдашуунун долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Талкуу маалында депутат Абдывахап Нурбаев насыя алуу менен Камбарата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү мүмкүнчүлүгүнө кызыкты. “Көптөн бери курулушу токтоп турган жайды бүткөрүүгө каржы бөлүп берет деп канчалык деңгээлде ишенсек болот?”- деген суроо салды.

Долбоор боюнча баяндама жасап жаткан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев жооп берди.

“Каржы сөзсүз бөлүнүп, сынакка катышуучулар тандалып алынган соң иш быйыл башталат”, – деди ал.

Ошондой эле депутат Өкмөт өкүлүнөн Евразия өнүктүрүү банкынын каржы алып бүткөрүлгөн долбоорлор кайсы экенин сурады.

Бул суроого “Айыл чарбасына керектүү техникаларды лизингге алуу долбоору бүтүү стадиясында” – деген Өкмөт өкүлү каржынын суммасын болжолдуу 20 млн. доллар экенине токтолду. Андан тышкары Маданият – Жалал-Абад жолунун курулушуна да каржы алынганын кошумчалады. Ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкынын насыялык портфелиндеги Кыргызстандын үлүшү 200 млн. АКШ долларынын тегерегинде экени айтылды. 

“Кыргызстан аны толук алып бүткөн. Мындан аркы ала тургандарыбыздын баарысы Россиянын эсебинен болот” – деди Өкмөт өкүлү.

Жыйында депутат Каныбек Иманалиев эл аралык каржылык уюмдарга долбоор жазууда Өкмөт чабалдык кылып жатканын белгилеп, бул тууралуу ар кандай маалыматтар айтылып жатканын мисал кылуу менен каатчылык маалында да каржы алуу маселеси кечеңдеп жатканына токтолду. 

Ссылка: https://barometr.kg/kambarata-ges-2-gidroagregatyn-karzhyloo-tuuraluu-dolboor-karaldy



Добавить комментарий