Министрлик: өз алдынча дарыланып жаткан учурлар кездешүүдө

27 мая 2020 13:48 1355 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өз алдынча үйдөн дарылануу аянычтуу кесепеттерге алып келерин эскертти.

“Калк арасында өз алдынча дарыланып жаткан учурлар кездешүүдө. Өз убагында дарыгерге кайрылбай, ар кандай булактардан кеп-кеңеш угуп, үйдөн дарылануу туура эмес. Себеби илдет кабылданып, күчөп кетет. Мындан улам, реанимацияга жаткандар да бар. Кандайдыр бир оорунун белгилери чыга турган болсо, сөзсүз медициналык мекемеге кайрылуу зарыл”, - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kalk-arasynda-z-aldyncha-darylanyp-zhatkan-uchurlar-kezdeshd



Добавить комментарий