Калининградда өткөн Жеңиш парадындагы "Золушка" табылды (Видео)
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадда бут кийимин жоготкон “Күлчү кыз” (“Золушка”) табылды. Бул тууралуу маалыматты НСН баракчасына таянып «Барометр» которду.
Окуя, 24-июнда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россиянын Калининград шаарында өткөн Жеңиш парадында катталган. Андагы айымдар маршы учурунда бир кыздын оң бут кийими чечилип кеткен. Ага карабастан басуусун уланткан айымдын видеосу тараган. Көрүүчүлөр аны “Күлчү кыз” (“Золушка”) деп атап алышкан. Ал эми Балтика флотунун адмиралы Александр Носатов маанилүү иш-чарада өз милдетин мыкты аткарган айымды сыйлоо үчүн аны издеткен.
“Күлчү кыз” - Балтика флотунун абадан коргонуу дивизиясынын зениттик-ракеталык полкунун фельдшеринин жардамчысы Ксения Кальчинская болуп чыкты.
Флоттун командири адмирал Александр Носатов аскердик парад учурунда анын чыйрактык, чыдамкайлык жана өзүн өзү башкара билүү сапатын баса белгилеп. Ага кесиптештери алдында эстелик медалы, диплом жана гүлдесте тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kaliningradda-tkn-zheish-paradyndagy-zolushka-tabyldy-srt
Добавить комментарий ×