Калининградда өткөн Жеңиш парадындагы "Золушка" изделүүдө (Видео)
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадда бут кийими чечилип кеткенине карабастан маршын уланткан айым изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты “Россия 1” телеканалына таянуу менен “Барометр” которду.
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россиянын Калининград шаарында өткөн Жеңиш парадында айымдар маршы учурунда бир кыздын оң бут кийими чечилип кеткен. Ага карабастан басуусун уланткан айымдын видеосу тараган. Көрүүчүлөр аны “Күлчү кыз” (“Золушка”) деп атап алышкан.
Аталган окуя боюнча Балтика флотунун адмиралы Александр Носатов кабар алып, маанилүү иш-чарада өз милдетин мыкты аткарган айымдын аты-жөнүн тактап, аны сыйлаарын билдирген.
Эскерте кетсек, ар жылы 9-майда откөрүлүүчү парад быйыл коронавируска байланыштуу 24-июнда өттү. Анда Кызыл аянттагы салтанаттуу жүрүшкө Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Белоруссия, Молдова жана Тажикстандын армиясы катышты. Парадка жалпысынан 13 миңден ашык аскер, 234 заманбап жана аскер техникалары тартылган.
Москвадагы аскердик парадда Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты. Кыргыз жоокерлерин полковник Бекказы Түмөнбаев жетектеди.
Ссылка: https://barometr.kg/kaliningradda-tkn-zheish-paradyndagy-zolushka-izdeld-video
Добавить комментарий ×