Кайталап өткөн жергиликтүү шайлоолорго 38,6 млн сом сарпталды

11 июля 2021 23:21 914 Barometr
Поделиться в:
ok

Үч шаардык кеңешке кайталап шайлоо өткөрүүгө 39 млн 944 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Бордордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг маалында кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, факты жүзүндө 38 млн 654 миң сом коротулду.

Анын 27 млн 226 миң сому Бишкек шаарына, 9 млн 349 миң сому Ош шаарына, 2 млн 612 миң сому Токмок шаарына өткөн шайлоого керектелди.

Партиялардын шайлоо фондуна 34 млн 343 миң сом келип түшкөн, бирок чыгым катары 44 млн 253 миң сом сарпталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kajtalap-tkn-zhergilikt-shajloolorgo-386-mln-som-sarptaldy



Добавить комментарий