Башка бирөөлөрдүн жолсуздугу “жугуштуубу”?

4 ноября 2021 17:46 4197 Barometr
Поделиться в:
ok

Энергетика жаатында иштеген адистер “энергияны башка бирөөгө берүү оңой, бирок калыбына келтирүү кыйын” деп коюшат. Ошондой эле адамдардын кыйынчылыгын “жуктуруп” алууга болобу деген соболго “ооба” деп жооп беришкен. Жашоодо чын эле ошондойбу? Бул тууралуу бүгүн  barometr.kg сунуштайт.Төмөнкү учурларда башкалардын кыйынчылыктарын жуктуруп алууга болот дешет адистер.

1.Тескери энергиянын таасири

Эң көп тараган себеп ушул болмокчу. Ал тургай ар бир адам энергетикалык вампирлердин чабуулуна кабылып турат. Башка бирөөлөрдүн даттануусун угуу, конфликтерине аргасыз же атайын күбө болуу менен жашоо энергияңызды азайтып аласыз. Энергия азайган кезде жашоонун ар кандай кыйынчылыктарына каршы тура албай жана бийик энергетикалык деңгээлдеги адамдар менен жакшы сүйлөшө албай каласыз.

Мындай учурда ооруга кабылып,  ал эми ооруп калсаңыз көптө айыгып чыгасыз.Көп учурда энергияны көп берген адам ар кандай кыйынчылыктарга кабылат.

2. Башка бирөөлөрдүн стилин, манерасын туурай берүү  

Башка бирөөлөрдүн кийинүү, өзүн алып жүрүү, сөз сүйлөө манерасын туурай берүү менен адам бирөө [P1] нүн көчүрмөсү болуп калуу коркунучуна кабылат. [P2]  

Эгерде сиз катуу берилип фанат болуп жатканы адам бир жагдайга кабылса анын таасири дагы сизге тийиши мүмкүн дешет биоэнергетиктер.

3. Конкерттүү нерселер тууралуу ойлонуу 

Тартылуу мыйзамы билинбеген менен иштей берет. Эгерде кайсы бир кыйын жагдайга кабылган адам же анын маселесин кечке эле ойлой берсеңиз мындай учур сизге дагы келүү ыктымалдуулугу күчөйт. Негативдүү жаңылыктар дагы ушундай эле программа берет.

 4. Жаман сөздөр таасир берет

Башка адамдардын көңүлүн калтырган жаман сөздөрдү айтуу менен адам өзүнө дагы, башкага дагы туура эмес энергия түзөт. Ошол эле маалда кайсы бир адамга кайсы бир кыйынчылык маселесин чечүүгө кеңеш берүү менен дагы башкалардын кыйынчылыгын өзүңүзгө жуктуруп алууга болот.  

Ошондуктан чыныгы психологдор кайсы бир адамга ачык кеңеш бере турган ток-шоуларга барбайт жана публикага көп чыкпайт.Ошондой эле ачык сурабаган адамга оңду-солду кеңеш бербейт.

5. Атайын даярдыгы жок эле маселелүү ишке кирише берүү 

Эгерде сиз социалдык кызматкер, милиция, куткаруучу, психолог жана башка адамдардын кыйынчылыгын түздөн-түз чече турган кесиптин ээси болбосоңуз бөтөн бирөөлөрдүн маселесин чечем же кеңеш берем деп кыйын боло бербеңиз.

Агымды көзөмөлдөгөндү билиш керек. Башкалар менен сүйлөшкөндөн кийин кандай абалда калдыңыз дайыма талдап жүрүңүз, сиз мотивация алдыңызбы же жели чыккан топтой шалпайып духуңуз жок болуп калдыбы? Сизге кыйынчылык алып келе турган адамдарды ушул сапаттан билишиңиз керек.

Өзүңүздү жана өзүңүздүн энергияңызды дайыма сактаңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-birlrdn-zholsuzdugu-zhugushtuubu



Добавить комментарий