Кайрат Нуртас жаңы жылдык кечелерге кызмат көрсөтүү акысын арзандатты
Учурда жаңы жылдык ар кандай оюн-зоок иш-чараларга дүйнө жүзүндөгү бардык шоу-бизнестин өкүлдөрү катышып жаткандыгы көпчүлүкө маалым. Ырчылар майрамдын алдында бир топ каражат топтоп алышаары баарыбызка белгилүү. Алардын айрымдары кызмат көрсөтүүнүн баасын арзандатышууда.
Мисалы ырчы Кайрат Нуртас быйылкы тарифин жылдагыдан төмөндөткөнүн интернеттеги жеке баракчасына жарыялады. Бул ырчы быйыл жаңы жылдык оюн-зоокторго беш миң долларга макул болуп жатыптыр. Былтыр эле ушул учурда Кайрат Нуртас кечелерде ырдаганы үчүн 10 миң доллар алчу экен.
Казакстандык ырчы бул жылы баасын арзандатууга эмне себеп болгонун азырынча билдире элек.
"Алматыда жок, жок.
Астанада жок, жок" - деп ырдаган ырчы Ерке Есмехан ар бир ырдаган жеринде 15 миң доллар же 5,5 миллион теңге деп өзүнүн тарифин коюп, казактардыктардын бир топ сынына кабылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-nurtas-zhay-zhyldyk-kechelerge-kyzmat-krst-akysyn-arzandatty
Добавить комментарий ×