Кайрат Нуртастын апасы уулунун Rixos мейманканасындагы мушташы жөнүндө үн катты
НТК телеканалындагы "Опмай-опмай" программасында ырчы Кайрат Нуртастын апасы жана продюсери Гүлзира Айдарбекова уулунун Актаудагы Rixos мейманканасында мушташканы тууралуу маалыматка комментарий берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Буга чейин маалымат каражаттары Кайрат Нуртас "мас абалында мейманкананын коопсуздук кызматынын өкүлүнө кол салган" деп жазып чыгышкан. Анда Кайрат күзөтчүнүн мурдун сындыра койгондугу айтылган.
Ырчынын апасы уулунун чыр-чатакка катышкандыгын ырастады. Бирок, окуя ММКлара жарыялангандан башкача экенин сүрөттөп берди.
"Бир жигит мага гүл бергиси келип, белегин көтөрүп келе жаткан. Бирок күзөтчү чуркап келип, биринчилерден болуп, кол көтөрө баштады. Мунун бардыгы менде видеодо бар. Кайрат өзүн коргоду. Бул анын күнөөсү эмес. Алар баламдын атынан акча табууну чечишти", - деди Гүлзира Айдарбекова.
Анын айтымында, уулу өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен компенсация төлөбөй жатат. "Кайраттын буга эч кандай тиешеси жок, мен уулумду толугу менен колдойм, видеотасмаларым бар", - деди казак эстрада жылдызынын апасы.
Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-nurtastyn-apasy-uulunun-rixos-mejmankanasyndagy-mushtashy-zhnnd-n-katty
Добавить комментарий ×