ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат
COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатынада жана өзгөчө абал режиминин улануусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин ЖКККББнын түзүмдүк бөлүгүнө кирген борбор Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын COVID-19 илетин алдын алуу максатынада профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө, саламаттыкты сактоо жана ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлери менен биргеликте борборго кире бериштеринде санитардык карантиндик постордо күнү-түнү дебей текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
«Кызмат өтөөдө ар кандай учурлар болот, көпчүлүгү түшүнөт, бирок кээ бири өз айтканын бербейт, талашат. Мындай учурда биз тынч түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, ошондо кайра ыраазычылыктарын билгизип бизге рахмат айтып мындан ары кырдаалдын талаптарын аткара тургандыгын айтышат. Биздин жардам да керек болуп калган учурлар болот, мисалы жакында бир унаа оорулу адамды алып кетип бара жатыптыр, тийиштүү кагаздарын баарын көргөздү. Биз ал унааны постон тоскоолдуксуз тез өткөрүп, коштоп ооруканага жеткирдик» - деп постордун бириндеги милиция кызматкери айтып берди.
Ссылка: https://barometr.kg/kajguul-kyzmaty-bashkarmalygynyn-kyzmatkerleri-kn-tn-ishtep-zhatyshat
Добавить комментарий ×