Кадамжайда бейбаштык беренеси менен жарандар кармалды (Сүрөт)
Кадамжайда бейбаштыкка шектүу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жалал-Абадда 12-августта саат 23.30 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынан белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду адамдар жок жерге алып барышып, сабашып, тапанча менен коркутушуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.
Андан сырткары ошол маалда кылмышкерлер башка 26 жаштагы жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутушуп, акча каражатын талап кылышып, сабашып, денесине жаракаттарды келтиришкен. Андан соң, ошол эле күнү түнчүндө автоунаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы башка жергиликтүү тургунду токтотушуп, эч себепсиз сабап салышкан. Жогорудагы үч окуяда тең кылмышкерлер такталбаган ок атуучу куралды колдонушкан.
Бул фактылар боюнча КРнын кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен Кадамжай РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө баштаган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалды.
Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары 1989-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган Т.А., 1989-жылы туулган Т.Ж. жана Баткен облусунун Кадамжай районунун 1994-жылы туулган М.М. кармалды.
Соттун чечими менен шектүүлөр эки айга КРнын ЖПКнын 99-беренесинин талаптарына ылайык Кызыл-Кыя ШИИБнүн УКЖна киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/kadamzhajda-bejbashtyk-berenesi-menen-zharandar-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×