Кабатыр болбоңуздар! Сиреналар жана үн кабарлоо аркылуу өзгөчө кырдаалга даярдыктар текшерилет

10 марта 2021 10:03 1236 Barometr
Поделиться в:
ok

10-11-март күндөрү теле, радиолордон сиреналар жана үн кабарлоо аркылуу керектүү тутумдардын өзгөчө кырдаал учуруна даярдыгы текшерилет. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  2021-жылдын 10-11-март күндөрү теле, радио түйүндөрүндө “Эфирди үзүп берүү” жолу менен,  сиреналар жана үн менен кабарлоо тутумдары аркылуу өзгөчө кырдаалдарга карата калкка кабарлоо тутумдарынын даярдыгын текшерүүнү жүргүзөт. Кабатыр болбоңуздар!", - деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/kabatyr-bolbouzdar-10-11-mart-kndr-sirenalar-zhana-n-kabarloo-arkyluu-zgch-kyrdaalga-dayardyktar-teksherilet



Добавить комментарий