Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бир гана милициянын милдети деген жаңылыштык

21 декабря 2020 09:26 761 Barometr
Поделиться в:
ok

Үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Урматтуу жарандар, үй-бүлөлүк замбулукка каршы бирге күрөшөлү! Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бир гана милициянын милдети деген жаңылыштык. Милиция менен жалпы журт, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшүп, анын оор кесепеттерин алдын алышыбыз керек. Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун саны көбөйүүдө. 

Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, милицияга кабарлаган учурда гана күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлсө, көп  учурда жакындары, жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө. Зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлө куруу жоопкерчилигин түшүнбөй, үстөмдүк кылып, зомбулук көрсөтүүдөн үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө. 

Үй-бүлөлүн бузулушунун кесепетинен “Баштаган бирөө, жабырын тарткан көпчүлүк” болуп,  ошол үйдөгү балдардын дагы моралдык жактан, психологиялык жактан жабыр тартышы баарыбызга белгилүү. Келечек муун үчүн жаштарга туура тарбия берип, үй-бүлөлүк балуулуктарды, жоопкерчилик алууну, бири-бирине сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтөлү. Бекем үй-бүлө-күчтүү мамлекет!"

Эгерде, жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын  үй-бүлөсүндө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милиция кызматкерлерине 102 номуруна же аймактык ички иштер органдарына кабарлооңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.  


Ссылка: https://barometr.kg/j-bllk-zombulukka-karshy-krsh-bir-gana-miliciyanyn-mildeti-degen-zhaylyshtyk



Добавить комментарий