Израилдин саламаттык сактоо министрине коронавирус жукту

2 апреля 2020 17:32 1249 Barometr
Поделиться в:
ok

Израилдин премьер-министри Яаков Лицман аялы менен коронавируска карата тест тапшырып, анын жыйынтыгы илдет жукканын көрсөттү.

Учурда алар карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Министр ишин үйдөн улантып жатат.

Андан сырткары министр менен карым-катнашта болгондордун бардыгы изоляцияга алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху дагы карантинге алынган болчу. Эми анын карантин мөөнөтү аяктады. Өкмөт башчы ишин кайдан улантары азырынча белгисиз.

Ссылка: https://barometr.kg/izraildin-salamattyk-saktoo-ministrine-koronavirus-zhuktu



Добавить комментарий