Издөөдө жүргөн Баткен облусунун 26 жаштагы тургуну кармалды
Издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Буга чейин, Кызыл-Кыя шаарынын 40 жаштагы М.К. аттуу тургуну өзүнүн "Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап качкандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
"Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну экендиги белгилүү болуп, издөө иши ачылган.
Кызыл-Кыя шаар аймагынан 2022-жылдын 18-август күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну аныкталып, кармалды.
Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/izdd-zhrgn-batken-oblusunun-26-zhashtagy-turgunu-karmaldy
Добавить комментарий ×