Июнь айында 118 ыкчам байланыш номерине кайрылгандар көбөйгөнү байкалууда
Июнь айында 118 ыкчам байланыш номерине кайрылгандар көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгуль Исмаилова билдирди.
Маалыматка ылайык, июндагы үч жуманын аралыгында 4 520 кайрылуу келип түшкөн. Иш учурунда бардыгы болуп 14 232 телефон чалуу каралган.
17-июнда 118 ыкчам байланыш номери боюнча Бишкек шаарындагы райондорго карата мобилдик бригадаларга багыттарды бөлүштүрүүлөр:
Ленин району - 40%
Октябрь району-21%
Биринчи май району - 20%
Свердлов району - 19%
Жаш курагына жараша кайрылгандар:
20-30 жаш - 27%
30-40 жаш - 23%
40-50 жаш - 15%
50-60 жаш - 14%
60-70 жаш - 8%.
Ссылка: https://barometr.kg/iyun-ajynda-118-ykcham-bajlanysh-nomerine-kajrylgandar-kbjgn-bajkaluuda
Добавить комментарий ×