Исрадин Аманбаев Соң-Көлдө саяктар Таттыбүбү Турсунбаеванын 50 жылдыгында убада кылган жылкыларды сурап жатат

28 октября 2019 12:52 3553 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Исрадин Аманбаев Соң-Көлдө саяктар убада кылган жылкыларын сурап жатат. Буга байланышкан маалыматты ал өзүнүн facebook баракчасына жазды. Аманбаев өзүнүн обонуна жазылган "Соң-Көл баяны" аттуу ырды Соң -Көлдө өткөн Таттыбүбү Турсунбаеванын 50 жылдык мааракесинде ырдап, анын рахматына 50 жылкы убада болгонун, аны ала электигин тамашалап айтып кеткен.

Автор соцтармактагы баракчасына өзү Фортепиа́нодо отурган сүрөтүнүн фонунда ырды жаңыртып койгон.

Ушул ыр жаңыдан чыкканда Соң -Көлдө өткөн Таттыбүбү Турсунбаеванын 50 жылдык мааракесине атайын чакырылып барып, ага арнап тиккен 50 боз үйгө кирип, 50 жолу ушул ырды ырдап бергенде, саяк туугандар абдан ыраазы болушуп мага 50 жылкы тартуулашты эле. Ошол мезгилден бери жылкылардын саны абдан көбөйсө керек деп турам. Болгону аларды айдап келиш керек...?”, - деген тамашалуу билдирүү калтырган.

 Эске сала кетсек, "Соң-Көл баяны" чыгармасы Эрмек Мамытовдун сөзүнө жана Исирадин Аманбаевдин обонуна жазылган чыгарма болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/isradin-amanbaev-so-kld-sayaktar-tattybb-tursunbaevanyn-50-zhyldygynda-ubada-kylgan-zhylkylardy-surap-zhatat



Добавить комментарий