Испанияда 500гө жакын суу менен келе жаткан мигранттарды куткарышты
Испанияда 500гө жакын суу менен келе жаткан мигранттарды куткарышты. Бул тууралуу Испаниянын кырсыктарды алдын алуу жана куткаруу кызматынан билдиришкен. Чет элдик маалымат каражаттарынын берген маалыматына ылайык, Альборан көлүнөн 310го жакын мыйзамсыз сүзүп келе жаткан мигранттарды жана Гибралтар булуңунан 148ге жакын мигранттарды куткарышты.
Мындай окуя Түркияда да катталып, суу аркылуу келе жаткан мыйзамсыз мигранттардын суднасы чөгүп кеткен. Арасында каза болгондору да бар экендиги айтылган. Ошондой эле, Испаниянын чегине суу аркылуу кирип, мындан мурда 200гө жакын Африканын жарандары мыйзамсыз түрдө өтүп кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/ispaniyada-500g-zhakyn-suu-menen-kele-zhatkan-migranttardy-kutkaryshty
Добавить комментарий ×