Испанияда 19 жаштагы футбол калысы беттештин алдында көз жумду
Он тогуз жаштагы испаниялык футбол калысы Фернандо Алькараз Бернал жекшемби күнү матч алдындагы кызуу мезгилде көз жумду. Бул тууралуу Мурсия аймагынын Футбол федерациясынын (FFRM) берген маалыматына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, ал футбол аянтчасында жылынып жатканда эсин жоготкон. Ага стадиондо биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы келген, бирок, футбол калысын сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
"Фернандо Алькараз Берналдын өлүмү бизди таң калтырды. Анын жакындарына көңүл айтабыз", - деп айтылат ФФРМдин билдирүүсүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/ispaniyada-19-zhashtagy-futbol-kalysy-betteshtin-aldynda-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×