Исландияга кыш эрте түшүп, катуу бороон болуп жатат (видео)
Исландиянын түндүк жана батыш бөлүктөрүндө калың кар жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрден ашып кетип жатат. Көпчүлүк айдоочулар кар күрткүлөрүнө тыгылып калышты. Бул тууралуу чет элдик булактарга таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Куткаруучуларга 100дөн ашык телефон чалуулар түшкөн.
Исландиянын түндүк-батышындагы Во фьорде Хрутафьордур деген жерде тайгактан улам жүргүнчүлөр бара жаткан автобус ала салып кетти, бактыга карай 37 жүргүнчү аман-эсен калып, коопсуз жайга жеткирилди.
Метеоролог Эйнар Свейнбьорнссондун айтымында, эрте күздө эле мындай аба ырайынын болушу өзгөчө, нормадан тышкары көрүнүш.
Быйыл эрте түшкөн кардан улам Исландияда аптанын башынан бери эле ондогон кар көчкү түшүп чыгымдарга алып келди.
Ссылка: https://barometr.kg/islandiyaga-kysh-erte-tshp-katuu-boroon-bolup-zhatat-video
Добавить комментарий ×