1-октябрь: Кыргызстандын баардык аймактарында жаан жаайт
Эртең 1-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас областтарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл областынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад областынын тоолуу аймактарында жана өрөөндөрүндө жамгыр жаайт.Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын областарында, Баткен областынын тоолуу райондорунда жамыгр жаайт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, кээ аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй областы
түнкүсүн +6…+11
күндүз +12…+17
Талас областы
түнкүсүн +3…+8
күндүз +11…+16
Баткен областы
түнкүсүн +10…+15
күндүз +20…+25
Ош жана Жалал-Абад областтары
түнкүсүн +10…+15
күндүз +20…+25
Ысык-Көл областы
түнкүсүн +5…+10
күндүз +14…+19
Нарын областы
түнкүсүн +3…+8
күндүз +13…+18
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +8…+10°, күндүз +14…+16° градуска чейин жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/1-oktyabr-kyrgyzstandyn-baardyk-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×