Ислам оюндары: 14-августтун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 17 медаль бар

15 августа 2022 12:59 1258 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндары уланууда. Кече, 14-августта Кыргызстандын спортчулары эки медалга ээ болушту. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт. 

Маалым болгондой, кече, 14-августта оюндардын жүрүп жатканына 10 күн болду. 

14-августь күнү оор атлетчи Эмил Молдодосов 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынса, сууда сүзүүчү Денис Петрашов экинчи коло байгеге ээ болду.

Азыр Кыргызстандын эсебинде 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло.

14-августтун жыйынтыгы

Сууда сүзүү

Эркектер арасында 200 метрге эркин сүзүү 9-орун  Рамазан Омаров;

200 метрге брасс сүзүү боюнча эркектер арасынан 3-орун Денис Петрашов - 2 мүнөт 16,85 секунд;

финал

 3-орун Денис Петрашов - 2 мүнөт 13,18 секунд.

Оор атлетика 89 кг чейин

Эркектер арасында 3-орунду Эламан Молдодосов алды. Спортчу 89 кг салмакта чыкты.
Жулкуп көтөрүүдө 3-орунду, түртүп көтөрүүдө да 3-орунду ээлеп, жалпы эсепте 365 упай менен күмүш медаль тагынды.

Көркөм гимнастика

Топ менен машыгуу,  финал 8-орун Айша Изабекова - 27 900

Баскетбол 

Эркектер тобунун туру

Суринам - Кыргызстан - 20:19

Аялдар группасы

Кыргызстан - Азербайжан 4:21

Түркия - Кыргызстан 21:3

Ссылка: https://barometr.kg/islam-oyundary-14-avgusttun-zhyjyntygy-boyuncha-kyrgyzstanda-17-medal-bar



Добавить комментарий