Искендер Матраимов: Банктар үч айлык каникул бергени менен андан кийин пайыздарын кошуп коюп жатат
Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутат Искендер Матраимов элдин алган насыясынын төлөө жол-жобосу боюнча маселени көтөрдү.
“Банк системасы боюнча өзүмдүн оюмду буга чейин да айттым эле. Ага Боронов жооп берген. Өкмөт үч айлык каникул бердик деп жатат. Үч айдан кийинки төлөмдөргө пайыздары кошулуп жатат. Андыктан ушул нерсеге түшүнүк берүү үчүн Улуттук банкты чакыралы, алар элге түшүндүрүп берип койсо. Элден үч айдан кийин кантип төлөйбүз деп кат келип жатат. Булар үч айдан кийин пайыздарын кошуп коюп жатат. Мен мисалы 100 миң сом төлөсөм, үч айдан кийин айына 110 миң сомдон төлөйм. Ушул боюнча бизге жакшылап түшүндүрүп берсин, шайлоочулар кайрылып жатат”, — деди депутат.
Эске салсак, Улуттук банк коммерциялык банктар насыя алгандарга үч ай каникул берген. Тактап айтканда үч ай ичинде насыя убагында төлөнбөсө ага туум чыкпайт.
Добавить комментарий ×