"Мадина" кафесинин кожоюну ишкер Хуфур Абдурахеманды ѳлтүрүп, денесин жерге кѳмүп койгон
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунан 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз дененси табылды. Бул маалыматты ИИМ тастыктады.
Маалыматка ылайык, аны ѳлтүрүп денесин жерге кѳмүп койгон. Бул иш боюнча беш адам кылмышка шектүү катары кармалды.
Милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, кылмышка шектүүлѳр BMW Х5 маркасындагы автомашинаны ак түстѳн кара түскѳ боетуп, айдап жүрүшкѳн.
Кылмышка шектүүлѳр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, «Мадина» кафесинин кожоюну Хуфур Абдурахеман 4-октябрда жоголгон. Болжол менен ошол күнү саат 18:00 чамаларында BMW Х5 маркасындагы ак түстѳгү автомашинасы менен чыгып дайынсыз болгон. Мындан кийин анын жакындары милиция кызматкерлерине кайрылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ishker-hufur-abdurahmedin-zhansyz-denensi-tabyldy
Добавить комментарий ×