Иса Өмүркулов: "КСДПнын чечими мыйзамсыз. Үй-бүлөмө коркунучтар болгон күндө дагы мен партиянын уставдарын, мыйзамдарын бузган эмесмин"
КСДП партиясы мени партиядан чыгаруу чечимин мыйзамсыз түрдө кабыл алды деп эсептейм. Бул тууралуу депутат Иса Өмүркулов бүгүнкү берип жаткан пресс-конференцияда журналисттерге жооп берип жатып билдирди.
"Мен кеңештин жыйынынын протоколун көргөн жокмун. Кимдер добуш бергени да белгисиз. Болгону ал жакта беш-алты партиялардын мүчөлөрү менен эле чечилип калды. Ошондой эле мөөр басылган протокол менен да тааныша элекмин. КСДПнын маалыматында айтылып жаткан менин аракеттерим партиянын уставына туура келбейт деген чечим менен кылып жатышат. Бирок мен 25 жылдан бери партиянын мыйзамын бузбай иштеп келем. Керек болсо уй-бүлөмө коркутуулар болгон кундө дагы, мен партиянын уставдарына каршы келген аракеттерди кылган эмесмин. Чыккынчы деп жатышат. Бирок ошол мени партиядан чыксын деп кол койгондор чыккынчылыкты кылып жатышат деп ойлойм"-деди Өмүркулов.
Атамбаевсиз КСДП демилгесин Асылбек Жээнбеков колдоп, анан мен аларды кабыл алдым деген сөз чындыкка жатпайт деп кошумчалады.
Добавить комментарий ×