Садыр Жапаров Ирандагы жана Австриядагы элчилерди алмаштырды

19 июня 2021 11:14 2326 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Сыдыков Турдакун Сыдыкович Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Тегеран шаарындагы экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мындан сырткары, Макеев Толенды Картанбаевич Кыргызстандын Австриядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ошону менен бирге Авазбек Абдуразаков Кыргызстандын Ирандагы өкүлү кызматынан  бошотулду. 

Ал эми Бакыт Жусупов Кыргызстандын Австриядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-irandagy-zhana-avstriyadagy-elchilerdi-almashtyrdy



Добавить комментарий