Иосиф Кобзон оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди
СССРдин Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Иосиф Кобзон оор абалда Москвадагы ооруканалардын бирине те жардам аркылуу жеткирилген. Бул тууралуу Вести.ру маалымат агенттиги жазды.
Учурда агенттиктин берген маалыматына ылайык, Иосиф Кобзонду жандандыруу бөлүмүнө "носилкага" салып көтөрүп келишкен. Ырчынын абалы тууралуу анын аялы Нелли комментарий бергенден баш тарткан.
Rambler.ru маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, ырчы 13 жылдан бери рак оорусу менен күрөшүп келет. Ага 2004-жылы биринчи операция жасалган. 2009-жылы кайрадан экинчи жолу операция жасалган. Жакында эле Москвадагы ооруканалардын биринде дарыланып чыккан деп айтышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/iosif-kobzon-oor-abalda-zhandandyruu-blmn-zhetkirildi
Добавить комментарий ×