Курманбек Бакиев Аскар Акаевге көңүл айтты

7 февраля 2020 09:13 827 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев биринчи президент Аскар Акаевге уулу Айдардын дүйнө салышына байланыштуу ага көңүл айтты. Бул тууралуу Бакиевдердин үй-бүлөсү менен катышкан журналист Аскат Тейит билдирди.

Белгилей кетсек, Айдар Акаев 5-февралда кечинде каза болгон. Маалыматка ылайык, анын жүрөгү токтоп калган. Анын сөөгү "Зеленая Лощина" поселкасындагы коттедждерден табылган. Ал 10-февралда 44 жашка чыкмак. Анын сөөгү 8-февралда Москвага коюлат

Бакиев Акаевге кайгысын тең бөлүшө турганын билдирген.

"Кайгыңарды тең бөлүшөм. Аскар Акаев менен Майрам Акаевага белин бекем буушун тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу болсун", — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kurmanbek-bakiev-askar-akaevge-kl-ajtty



Добавить комментарий